07.08.2018 18:22
Сумо боюнча курама команданын машыгуусуна 37 миң сом каралды
© sport.kg
2018-жылдын 12-августунан 19-августка чейин Ысык-Көл облусунун Бостери айылында сумо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдануу максатында машыгуу өткөрөт. Бул туурасында ДКО уюштуруучулары билдиришти.
Курама команда 3 адамдан турат. Алар: Алмаз Эргешов, 1980-жылы туулган, МС Тилек Усупов, 1972-жылы туулган, МС (резерв), Эмиль Джаманкулов – башкы машыктыруучу
Сумо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын машыгуудан өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциянын бюджетинен 37 миң сом каралган.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: